Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 25.11.2019 10:52 На русском

«Бала өлүп калбаса экен деп тилендим»: Р.Тургунбаевдин тажрыйбасы

Turmush -  Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата Turmush басылмасы прокурорлорду, бул тармакта иштеген ардагерлерди, алардын иш тажрыйбасын тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары Тургунбаев Русланбек Жусупжанович.

Ал 1980-жылы 19-августта Ош облусунун Ноокат районунун Кожоке айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин артыкчылык диплом менен аяктап, кийин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси.

«Эмгек жолум 2001-жылы Ош облустук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жаштар иштери боюнча комитеттин башкы адиси болуу менен башталган. 2002-жылы прокуратура тармагында ишимди баштап, Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасына жардамчы-стажер болуп кызматка кабыл алынгам. 2003-жылы Ош облустук прокуратурасынын прокурорлордун сот иштерине катышуусун камсыздоо боюнча көзөмөл бөлүмүнүн прокурору болуп иштеп, ошол эле жылы Чоӊ-Алай районуна прокурордун жардамчысы болуп которулгам. 2004-жылдан 2010-жылга чейин Ош шаардык прокуратурасында прокурордун ага жардамчысы, көзөмөл бөлүмүнүн башчылык кызматтарын аркалап, 2010-жылы Бишкек шаарындагы Свердлов районунун прокурорунун жардамчысы, прокуратуранын тергөөчүсү, прокурордун ага жардамчысы болдум. 2015-жылы Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдарды аткаруу боюнча көзөмөл бөлүмүндө иштедим. 2016-жылы Бишкек шаарындагы Ленин районунун прокуратурасында прокурордун ага жардамчысы болуп, 2017-жылы Бишкек шаардык прокуратурасында эмгектенип, 2017-жылдан бери Ысык-Ата райондук прокуратурасында эмгектенип келем», - деди ал.

Р.Тургунбаев Кант шаарындагы белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалган 12 жаштагы баланы издөө иштерине катышкан. Ушул окуя анын эсинен кеткис болду.

«Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Кант шаарында уурдалган 12 жаштагы бала эсимден кетпейт. Бул кабар түшөрү менен Ысык-Ата РИИБдин ошол кездеги башчысы Эстебек Жумабеков экөөбүз дароо ишти колго алдык. Эӊ башкысы баланы аман-эсен таап, жакындарынын колуна тапшырсак экен деген ой жүрөктү өйүдү. Кант аба базасынын кызматкерлери менен сүйлөшүп, тик учак менен издедик. Баланы салып кеткен унаанын тоо тарапка багыт алганы билингенден кийин ошол жерге жөнөдүк. Биз кызматыбызды аткарып жатканыбыз менен жүрөктөгү аталык сезим да кайдыгер калтырбайт экен. Элдер иштерин таштап коюп, жөө жалаӊдап болсо да биз менен чогуу тоо-ташты аралап, баланы издегени абдан толкундантты.

Кылмышкерлерден эмнени гана күтүүгө болбойт. Күнөөсүз, эне сүтү оозунан кете элек баланы мерт кылып коюшпаса экен деген ой да келет экен. Бирок жүрөгүмдө бала табылат деген ишеним болуп турду. Бир күндүн ичинде бул кылмыштын бети ачылып, уурдалган баланын аман табылганы, кылмышкерлердин кармалганы, биздин ишибиздин жемиши экенине бир жагынан кубандым. Экинчи жагынан ушул сыяктуу элдин тынчын алган окуялар болбосо экен деп тилендим», - деди ал

Р.Тургунбаев үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×