Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуЧүй району 01.12.2019 16:45

«Кулагы жок бала» деген атка конгон Жалал Добрановдун тажрыйбасы

Turmush -  Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата Turmush басылмасы прокурорлорду, бул тармакта иштеген ардагерлерди, алардын иш тажрыйбасын тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз ардагер Добранов Жалал Камалович.

Ал 1981-жылдан 2013-жылга чейин прокуратура органдарында иштеген. Бир топ район, шаарларда оперативдик кызматтарды аркалаган. Анын ичинен Токтогул, Кара-Кулжа райондорунда прокурордун орун басары, Талас, Жалал-Абад облустук прокуратураларында бөлүмдүн прокурору, Ноокат, Чоң-Алай райондорунун прокурору, Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн башчысы, Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча адистештирилген прокуратурасынын прокурору болуп кызмат өтөгөн. 2013-жылдан бери ардактуу эс алууда.

«Кулагы жок бала»

Прокуратура системасында иштөө менен мезгилге, кырдаалга жараша мамлекет тарабынан тапшырылган милдетти профессионалдык деңгээлде аткарууга аракет кылдык. Томдордон турган экономикалык кылмыш иштерди тергөө, күнү-түнү үй бетин көрбөй, убакыт менен эсептешпей аракеттенүү менен оор кылмыштардын бетин ачууга байланышкан фактылар ар бир эле ардагердин башынан өтсө керек. Бул ар бир прокуратура кызматкеринин профессионалдык милдети. Анын ичинен эсте калчу көп эле окуялар болгон. Бирок, мен жаш кызматкерлерге сабак болчу, башыман өткөн эки фактыга токтоло кетейин.

1985-1986-жылдары Токтогул районунда прокурордун орун басары болуп иштеп турган мезгилде «кайра жаралуу» толкуну башталып, чарбалардагы эсепке кошуп жазуу (приписка) фактылары аныкталып, тергөө жүргүзүлө баштады. Мен «Жети-Суу» жана «Кетмен-Төбө» совхоздорунда болгон миңдеген жок козуларды кошуп жазуу фактысы боюнча томдогон кылмыш иштерди тергедим. Кылмыш иши көлөмдүүлүгүнө жараша канчалаган бухгалтердик документтерди изилдеп, ага юридикалык баа берүүнү жана жүздөгөн күбөлөрдү сурак кылууну талап кылган. Андан сырткары, кылмыш иш боюнча 16 кызмат адамы жоопко тартылып жаткандыгына байланыштуу «кийлигишүүлөр» болгон жок десем жаңылып калам. Бир күнү райком чакырып жатат дегенинен бардым. Райкомдун секретарынын 1-катчысы Сагынбек Буларкиев болчу. Кирсем, Талас обкомунун 1-катчысы Эсенбек Дүйшеевич, дагы бир топ партиялык кызматкерлер бар экен. Сагынбек Буларкиев мени тааныштырып, тамашага салып, «бул кичинекей кара бала биздин тергөөчү. Аты Жалал, айтканды укпайт, кулагы жок» деп калды. Эсенбек Дүйшеевич маданияты жогору киши экен, сылык гана менден иштин жагдайын сурады. Мен иш боюнча толук маалымат берип, аягында шашып «ишти кыскарта албайм» деп жибериптирмин. Эсенбек Дүйшеевич иштин жагдайын толук түшүндү окшойт. Жылмайып, «ишти тергей бериңиз, бара берсеңиз болот» деп жылуу мамиле жасап койду. Ал кылмыш иш аягына чыгып, 16 киши сот жообуна тартылды. Мен ошондон кийин «кулагы жок бала» деген атка конуп калдым.

Мен курган үй азыр да бар

1992-жылы Тажикстан Республикасындагы кырдаалга байланыштуу Алай районунан Чоң-Алай бөлүнүп, мен биринчи прокурору болуп дайындалып калдым. Ошондо мага эки бөлмөлүү барак тибиндеги үй берилди. Жаңы ишке кирген жаш жардамчым үй-бүлөлүү экен. Кыш катаал, -20...-35 градус суук. Мен Талас, Токтогул райондорунда иштеп такшалып, үй-бүлөм да ар кандай кырдаалга көнүшкөн. Ошондо үй-бүлөм менен башка бирөөнүн бош турган үйүн сурап, жардамчыма тиги батирди бошотуп бердим. Ал эки бөлмөлүү болгону менен жылуу, телефону бар, ишканага жакын. Райондун акими Курбаналы Азимович «эмнеге үйүңүздү жардамчыңызга бердиңиз?» деп нааразы болуп калды. Мен ага «бул жаш кызматкер, анын үй-бүлөсү бул шартка чыдабайт. Кадрга шарт түзүп, анан андан талап кылуу керек. Ошондуктан бул кадамга бардым» деп айттым.

Жазда үй салайын деп арыз жазып, банктан насыя алдым. Ошол жердин шартына жараша цементтин ордуна таш тизип, пайдубал курдум. Жаш кезимден кара жумушка бышып, керектүү нерсени өзүм жасачумун. Темир күрөктүн эки тарабын кесип, ылай алууга ылайыкташтырдым. Балдарым ылай тебелеп, аялым жасап берген темир күрөк менен ылай алып берип дубалын өзүм тургуздум. Үй сала баштаганда көргөндөр «прокурордун үйүнүн дубалын тургузган уста прокурорго окшош экен» деп айтышкан. Кийин ал уста мен экенимди билишкенден кийин «дубал урган прокурор» деп айтып калышкан. Мен курган үй азыр да бар. Иштеп жаткан прокурорлор да элдин азыркыга чейин унутпаганын айтып калышат. Кызматтык милдетти аткарып туруп өзүмдүн турмуштук проблемамды чечүү менен бирге элге прокуратура кызматкерлеринин, жалпы эле мамлекеттик кызматкердин коюлган талап боюнча кандай болуш керектиги жөнүндө үлгү көрсөтө алдым десем жаңылбайм. Бул мактаныч эмес, башыман өткөн окуя. Чындыгында мен эл тарабынан берилген баага, унутпай айта жүрүшкөндөрүнө сыймыктанам. Бул мен баскан жол, менин байлыгым, менин артымда калган изим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×