Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 24.11.2019 20:00

Кара-Балтада балет бийчиси Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы маданият үйүндө балет бийчиси Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанатта маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова, Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Аппан Абдыкеев, Ч.Базарбаевдин жубайы Надежда Базарбаева жана балет бийчисинин бир туугандары Кудайберген Базарбаев жана Жумабек Базарбаев катышты. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Чопонбек Базарбаев Кочкор районунун Чолпон айылында 1949-жылы 4-февралда жарык дүйнөгө келген. М.Күрөңкеев атындагы мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайды бүтүп, Москвадан билим алган. КРдин жана СССРдин эл артисти, Маданият министри болууга жетишкен.

Ал 2002-жылы 2-сентябрда Бишкек шаарындагы жол кырсыктын кесепетинен каза болгон. Анын чыгармачылыгы тууралуу «Премьерага карай жол» (1974), «Бий — менин жашоом» (1976), «Пластикалык катар» (1989), "Чолпонбек Базарбаевдин мааракеси» (1992) телевизиондук тасмалары жана анын катышуусунда «Нокдаун» көркөм тасмасы тартылган. 2004-жылы балет бийчисинин ысымы Бишкек хореографиялык училищасына ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×