Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуСокулук району 24.11.2019 15:00 На русском

Сокулуктук жаш мушкерлер Нарындагы турнирде 9 медаль утушту. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаӊы-Пахта айылындагы спорт клубдун тарбиялануучулары Нарын облусунда өткөн кулатуу эр таймаш боюнча мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучу Бобиржан Жиенбаев билдирди.

Анын айтымында, мелдеш кечээ, 23-ноябрда өткөн.

«Нарын облусундагы Кулатуу эр таймаш федерациясынын президентинин кубогуна катышып келдик. Биздин клуб жалпы тайпалык эсепте алдыңкы орунду ээледи. Жаңы-Пахта айылынын спортчулары: Ибрагим Искендеров 1-орунду (35 кг салмакта), Муса Сыдыков 1-орунду (35 кг салмакта), Аманбет Исаев эки 35 жана 40 кг салмакта 1-орундарды, Умар Батыров 1-орунду (52 кг салмакта), Султан Эсенкадыров 1-орунду (48 кг салмакта), Барчинай Махмудова 1-орунду (61 кг салмакта) утуп алса, Дилшот Факиров 3-орунду (66 кг салмакта), Эркинбек Исроилов 3-орунду (61 кг салмакта) жеӊип алышты», - деди машыктыруучу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×