Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуКемин району 23.11.2019 20:00

Кеминде фермерлер сыйланды. Сүрөт

Turmush -  Кемин районунда айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай тармагындагы кызматкерлердин күнүнө арналган майрамдык иш-чара кечээ, 22-ноябрда Кемин райондук маданият үйүндө өттү. Ага Кемин районунун акими Нурлан Шаршеналиев, Кемин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Калыбек Мурсадаиров, айыл өкмөт башчылар жана жергиликтүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, фермерлер катышты. Анын алкагында фермерлерге ардак грамоталар жана демөөрчүлөр тарабынан белектер тапшырылып, концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×