Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуКемин району 23.11.2019 16:00

Министр Улукбек Кочкоров кеминдиктер менен жолугушту

Turmush -  Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Чүй облусунун Кемин районуна иш сапары менен келди. Бул тууралу аймактык кабарчы билдирди.

Министр Чым-Коргон айылында кайрымдуулук фонд тарабынан курулуп, пайдаланууга берилген социалдык шаарчанын абалы менен таанышып, тигүүчү адистиги боюнча окуп жаткан кыз-келиндер менен жолугуп, суроолоруна жооп берди. Андан соӊ Орловка шаарындагы жеке менчик социалдык мекемеге барды. Ал жерде ата-энесинен ажыраган балдар убактылуу 1 жыл 6 ай жашашат.

Ошондой эле У.Кочкоров райондун тургундары менен жолугушту.

Буга чейин Turmush басылмасы Чүй облусунун Кемин районундагы Чым-Коргон айылында демөөрчүлөр тарабынан 97 млн 400 миң сомго жесир аялдар жана жалгыз бой энелер үчүн социалдык шаарча түптөлгөнүн жазган. Социалдык шаарчанын жалпы аянты 27675 чарчы метрди түзөт.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×