Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуСокулук району 23.11.2019 12:10 На русском

Сокулукта сабалган депутат же топ жигиттер каршы болгон жаңы айыл өкмөт башчы ким? Видео

Turmush -  Кечээ, 22-ноябрда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү. Шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин жергиликтүү кеңештин депутаты сабалганын аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

«Арабыздан бир депутат элди чогултуп, шайлоонун жүрүшүнө тоскоол болууга аракет кылды. Фрунзе айыл өкмөтүнөн 20дай жигитти ээрчитип келип, ызы-чуу салышты. Алтургай Т.Ж. аттуу депутатты сабап жиберишти. Алар жаӊы шайланган айыл өкмөт башчыга каршы чыгышты. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынан келишкен кишилерди да бир аз сыртка коё бербей, кармап турушту», - деп билдирди өздүк булак.

Шайлоо учурунда чыр чыкканын Сокулук райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Алманбет Белеков да тастыктады.

«Шайлоо мыйзам чегинде, өзүнүн эрежеси менен өттү. Болгону жаӊы шайланган айыл өкмөт башчыга каршы болгон жигиттер келип, ызы-чуу салышты. Биз аларды шайлоонун жүрүшүнө тоскоол болбой, четте карап турсаӊар болот деп уруксат берип, эшикти ачып койгонбуз. Шайлоо бүткөндөн кийин анын жыйынтыгына макул эместигин билдиришип, кайра ызы-чуу чыгарышты. Мен аларга депутаттарды өздөрү шайлашканын, эми депутаттардын укугу боюнча алар айыл өкмөт башчыны шайлашканын түшүндүрдүм. Бизге эч кандай кысым болгон жок. Ал жерде 3-4 милиция кызматкери жүрдү.

Шайлоого чейин 3 талапкер катталган. Анын бири добуш берүү күнү талапкерлигин алып салды. Алмаз Сыдыков аттуу талапкерге 21 депутаттын ичинен 12 эл өкүлү добуш берсе, Алик Алишевге 6 депутат добуш берди. Калган үч депутат баарына каршы добуш беришти», - деди Алманбет Белеков.

Жаӊы шайланган айыл өкмөт башчы Сыдыков Алмаз Жамгырчиевич 1960-жылы төрөлгөн. Учурда Фрунзе айыл өкмөтүндө жашайт. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын атасы. К.И.Скрябин атындагы Айыл чарба институтундагы зооинженерия факультетинде билим алган. Кесиби боюнча зоотехник.

фрунзе айыл өкмөтү

Эмгек жолу:

- 1982-1983-жылдары Сокулук районунда сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча технолог;

- 1988-1990-жылдары Сокулук районунда зоотехник;

- 1990-1992-жылдары Сокулук районундагы «Красная Заря» колхозунда башкы зоотехник;

- 1998-2000-жылдары «Алтын-Талаа» айыл чарба кооперативинин төрагасы;

- 2009-2012-жылдары Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы;

- 2012-2018-жылдары «Алтын-Талаа» айыл чарба кооперативинин төрагасы;

2018-жылдан бери «№5 Кытай темир жол тайпалык компаниясы» жоопкерчилиги чектелген ачык акционердик коомунун координатору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×