Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы шайланды
Turmush - Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды, деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы.
Бүгүн, 22-ноябрда Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында 11 добуш алган Осмонкулова Жаркын Максутовна айыл өкмөт башчы болуп шайланды. Ак-Суу айылдык кеңешинде жалпы 21 депутат бар. Добуш берүүгө 20 депутат катышты.
Айыл өкмөт башчысы кызматына 2 талапкер ат салышкан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком