Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуЧүй району 22.11.2019 16:05 На русском

Лейлекте эчки уурдагандар аз жерден 18 жылга кесилип кете жаздаган

Turmush -  Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата Turmush басылмасы прокурорлорду, бул тармакта иштеген ардагерлерди, алардын иш тажрыйбасын тааныштырууну улантат. Кезектеги каарманыбыз — Баймурза Жаанбаев. Ал 1956-жылы туулган, 4-баланын атасы.

СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин 1983-жылы бүтүргөн. Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси.

Иш тажрыйбасы:

- 1983-1985-жылдар аралыгында Талас облустук аткаруу комитетинин юстиция бөлүмүнүн ага кеңешчиси;
- 1986-1991-жылдар аралыгында Кызыл-Кыя шаарынын прокурорунун жардамчысы, ага тергөөчүсү;
- 1991-1993-жылдар аралыгында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун прокуратурасынын тергөөчүсү;
- 1993-1995-жылдар аралыгында Ош облусунун прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн прокурору, ага тергөөчүсү;
- 1995-1999-жылдар аралыгында Ноокат жана Кадамжай райондорунун прокурорлорунун орун басары;
- 1994-2004-жылдар аралыгында Баткен облусунун Лейлек районунун прокурору;
- 2004-2009-жылдар аралыгында Талас облусунун Кара-Буура районунун прокурору;
- 2009-жылдын ноябрынан 2009-жылдын декабрына чейин Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын прокурору;
- 2009-2017-жылдар аралыгында Ош, Жалал-Абад шаарларынын, Баткен облусунун, Ош облусунун Ноокат районунун прокурору;
- 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп иштеп келет.

Сыйлыктары:

- Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун ардак грамотасы;
- Лейлек, Кара-Буура жана Ноокат райондук кеңештеринин чечимдери менен «Ардактуу атуул» наамы:
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйругу менен мыйзамдуулукту чыңдоого кошкон салымы үчүн 1-даражадагы төш белги менен сыйланган;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ардак тактасына 2 жолу сүрөтү илинген.

Эчки уурдайбыз деп адам өлүмүнө шектелгендер

- 1999-жылдын 8-декабрынан 9-декабрына караган түнү белгисиз кылмышкер Лейлек районунун жашоочусун күч колдонуп өлтүрүп, эчкилерин уурдап кеткен. Бул факт боюнча Лейлек райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски ред.) киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөчү тарабынан Асан менен Марат шектүү катары кармалышкан. Мен райондун прокурору катары кылмыш иштин материалдарын окуп, топтолгон далилдерди изилдеп чыгып, Асан менен Мараттын аракеттеринде кылмыштын курамы жоктугу, башкача айтканда алар бул кылмышка таптакыр байланышы жоктугу аныкталып, аларды шектүү катары кармоого негиз болбогондуктан убактылуу кармоочу жайдан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алдым. Ал эми, чыныгы кылмышкерди аныктоо үчүн тергөөчүгө көрсөтмө бердим.

Бул кылмыш ишти жеке контролума алып, үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзгөндүн натыйжасында тергөө учурунда аталган жашоочуну өлтүргөн адам башка болуп чыкты. Тактап айтканда, Арман аттуу адам кармалып, күнөөсү толугу менен далилденип, иш сотко өткөрүлүп берилди. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин киши өлтүрүү беренеси менен күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыратуу жөнүндө өкүм кабыл алган.

Соттун бул өкүмү соттордун бардык инстанцияларында күчүндө калтырылды. Ал эми, Асан менен Мараттын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан аларга карата кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган. Алардын мыйзамсыз камалганы, уруп-согуп, денелерине жараат келтиришкендиги үчүн Лейлек райондук ИИБдин 6 оперативдүү кызматкеринин үстүнөн райондун прокурору катары мен тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабышкандыгы тууралуу кылмыш иш козголуп, айыптары угузулуп, сот тарабынан мыйзам чегинде өздөрүнө тийиштүү жазаларын алышкан. Соттун бул өкүмү да бардык соттук инстанцияларда күчүндө калтырылган.

Жыйынтыктап айтканда, прокурордук көзөмөлдүн натыйжасында бир дагы күнөөсүз адам жоопкерчиликке тартылбашы, ал эми күнөөлүү адам жоопкерчиликсиз калбашы керек деген принцип ишке ашып, негизги багыт болгон адам укугу корголду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×