Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 22.11.2019 15:15 На русском

Суусамырда айылдар арасында көк бөрү уюштурулду

Turmush -  Суусамыр өрөөнүндөгү 5 айыл арасында көк бөрү оюну өткөрүлүп, мыкты оюнчулар сыйланышты. Бул тууралуу уюштуруучу Максат Жумабеков билдирди.

«Биз 1988-жылдан 1998-жылга чейин төрөлгөн балдар арасында көк бөрү оюнун өткөрдүк. Аталган оюнга 8 команда катышты. Оюн мыкты деңгээлде өтүп, жеңүүчүлөр сыйланышты. 1-орунга белгилүү улакчы Султан уулу Кубаныч баштаган топ ээ болуп, улак, кубок, медаль жана 5000 сом менен сыйланышты. Ал эми 2-орунду белгилүү улакчыбыз Аскат Аскаровдун командасы алып, медаль, грамота жана 4000 сом менен сыйланышты. 3-орунга 1998-жылкы жаш оюнчулар ээ болуп, 3000 сом, медаль, грамота менен сыйланышса, 4-орунга дагы грамота акчалай сыйлык тапшырылды. Мындан тышкары «Эң мыкты жаш оюнчу» наамын Эрлан Кожонов алып, грамота, акчалай сыйлыкка ээ болду. Ошондой эле эң мыкты жылкы ээсине акчалай сыйлык берилди.

Бул оюндун негизги максаты — жаштарды ынтымакка, биримдикке жана көк бөрү ойноого үндөө. Биз 5 айылдын 1988-жылкы балдары чогулуп, кеңешип жаштарга жыл сайын көк бөрү оюнун уюштуруп берүүнү туура көрдүк. Байгеге өзүбүз акча чыгардык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×