Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуМосква району 22.11.2019 09:29

Чүйдүн Беловодск айылында үй өрттөнүп, 89 жаштагы адам каза болду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Москва районунун Беловодск айылында үй өрттөнүп, 89 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда ӨКМден билдиришти.

Кырсык айылдын Комсомол көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен жалпы аянты 40 чарчы метр болгон үй толугу менен күйүп, 89 жаштагы ээси У.П. аттуу эркек киши каза болду. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×