Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 24.11.2019 10:00 На русском

Кара-Балта дарыясы кайсы жерге чейин агат? Сүрөт

Turmush -  Кыргыз тоо кыркаларынан агып түшкөн Кара-Балта дарыясы айдоо жерлерди сугат суу менен камсыздайт. Жайыл районунун тургундарынын айтымында, сырттан келген коноктор тоодон түшкөн Кара-Балта суусу кайсы жерге чейин агат деген суроону көп беришет.

Тоодон буркан-шаркан түшкөн суу 20 чакырым аралыктан кийин тынчтанып, кичинекей сууга айланат. Андан кийин Чалдыбар—Бишкек унаа жолундагы көпүрөнүн астынан агып өтөт.

Техник-гидролог Владислав Шумский: «Мындан 30 жыл мурун гидрологдор Кара-Балта дарыясы Чүй өрөөнүнө чыкканга чейин суунун агымынын үчтөн эки бөлүгү жоголо турганын аныкташкан. Скважиналарды бургулап чыгарууда дарыя "эки кабаттуу" болгондугу маалым болгон. Майда таштар жана кум аркылуу аккан суунун бөлүгү экинчи кабатын түзгөн. Суунун тереңдиги 10 сантиметрден 10 метрге чейин болгон. Суунун экинчи кабаты жакшы изилденген эмес. Ошондуктан бул экосистема тууралуу азырынча так маалымат жок. Кара-Балта суусу каякка чейин агат жана экинчи агымы каякка куюлары белгисиз. Эң негизгиси аталган суу Кыргызстандагы уникалдуу дарыя. Ал 2007-жылы россиялык басмаканалардын бири чыгарган «100 улуу стихиялык рекорддор» жыйнагына кирген», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×