Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуМосква району 24.11.2019 13:00

«Кубанычтан төгүлгөн көз жаш»: Майып арабада күн кечирген Үмүтайдын жашоосу

Turmush -  Майып арабада күн кечирген 16 жаштагы Үмүтай Имаралиева Чүй облусундагы Москва районунун Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде тарбияланат. Анын жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Үмүтай Имаралиева 2003-жылдын 29-сентябрында өлкөбүздүн түштүк аймагында жарык дүйнөгө келген. Ал 5 жашында, тактап айтканда 2008-жылы балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеcине кабыл алынган.

«Ал тубаса майып, кичинекей, арык кыз эле. Майып арабада жашоосун өткөргөн кызыбыз айрым сөздөргө түшүнсө, көпчүлүк учурда айтканын унутуп калчу. Ата-энесинин айтымында, "сакайып, коомчулукка кошулсун" деген чоң үмүт менен атын Үмүтай коюшуптур. Апасы алгачкы жылдары мекемеге кызы менен жолугушууга байма-бай келип турчу. Акыркы учурларда эмнегедир келбей да калды. Угушубузга караганда, ата-энеси ажырашып кетишкен. 10 жылдан бери бизде тарбияланып келет. "Апаң кайда?" деп собол таштаганда, "шаарда" деп, колун туш келген жакка жаңсап, күлүп коёт. Апасын тааныйт. Сүйлөшкүсү келет. Кээде кадимкидей сагынып, куса болот. Ал өз кызыбыздай болуп калган. Көздөрү бакырайып, дайыма маанайы жарык. Бул мекемеде жашоону жактырат. Айрым учурларда жаңы келгендерди тартипке да чакырат.

Баса, өткөн айларда катуу ооруп калды. Мекеменин директору Светлана Такырбашова баш болуп тез арада дарылатууга шаштык. Токтоосуз Жалдагы Энени жана баланы коргоо борборуна жеткирдик. Бала багуучулар кезек менен күнү-түнү карашты. Анын далысындагы жаракат операция жолу менен алынды. Андан соң биротоло сакаюусун көздөп, Москва райондук ооруканага жаткырышты. Азыр ден соолугу жакшы. Кээде кубанып күлөт. Ооруканадагы күндөрүн эстеп кетет. Ал учурда мекеменин кызматкерлерине бармагын көрсөтүп, мактап, күлүп коёт. Анан сүйүнгөнүнөн далысын кармап, кызматкерлерге ыраазы болгондой кучактап ыйлап да жиберет. Бул кубанычтан төгүлгөн көз жаш. "Капа болдуңбу?" десек, башын чайкап, оң колунун бармагын кайра-кайра көрсөтүп, ыраазы экендигин билгизет. Бул учурда биздин да көзүбүздөн жаш айланат. Көп жылдан бери бири-бирибизге көнүп калганбыз. Көз караштан эле ички сезимибизди түшүнөбүз. Анын бир нерсени сезүүсү жакшы өнүккөн», - дешти мекеменин кызматкерлери.

Алардын айтымында, мекемеде учурда түрдүү тагдырдагы 213 бала тарбияланат. Мындай тагдырдагы майып балдар менен иштөө өтө жооптуу.

«Ошол үчүн күнү-түнү жанынан чыкпайбыз. Алардын ар бир кыймылы көз алдыбызда. Өз учурунда тамак берип, муундарына укалоо жумуштарын жүргүзөбүз. Күн санап мекеменин материалдык-техникалык базасы чыңдалып барат. Жакында эле демөөрчүлөр тарабынан 50 орундуу заманбап ашкана курулуп, пайдаланууга берилди. Кош кабаттуу кошумча имарат республикалык бюджеттен курулуп бүттү. Анын да ачылышына саналуу күндөр калды. Ушулардын баары Үмүтайдай балдарыбызга көрүлгөн камкордук», - деп кошумчалашты мекеменин кызматкерлери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×