Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Баракелде, Бишкек 21.11.2019 14:02

Кыргызстанга өнөр издеп келген кытайлык кыргыз Мамбеттокто. Сүрөт

Turmush -  Мамбеторозо уулу Мамбеттокто 1996-жылы Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунда төрөлгөн. Ал Кыргызстанга акындык өнөрүн өркүндөтүп, өстүрүү үчүн атайын келген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Өзүм үй-бүлөлүүмүн, эки баланын атасымын. Азыркы учурда Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз филология факультетинде 4-курста окуйм. Үй-бүлөдө төрт бир тууганмын. Эки эжем, бир карындашым бар. Алар Кытайда калды. Өзүм бул жактан үйлөнгөм», - деди ал.

Каарманыбыз ырчылык өнөргө жаңы кадам таштап жатканын айтты.

«Негизи төкмө акындык өнөрүм бар. 18 жашымдан баштап ушул өнөр менен алектендим. Бул өнөр менен республикалык, эл аралык айтыштарга катышып келгем. Кытайда өткөн айтыштардын 8 жолку баш байгенин ээсимин. Ырчылык өнөрүм менен ийгиликтерге жетүү мезгилим алдыда деп ойлойм», - деди ал.

Мамбеторозо уулу Мамбеттокто Кыргызстанга келгенден бери ата-энесине эки жолу гана жолугуп келгенин белгиледи.

«Башында айткандай, Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Ак-Чий районунда карапайым үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келгем. Биз жашаган райондо 50 миңге жакын кыргыздар жашайт. Бардыгы кыргызча сүйлөшөт. Телеканалдардан Кыргызстан жөнүндө көп көрсөтүлбөйт, бирок интернет булактарынан маалымат алып турабыз. Мен биринчи жолу 2015-жылы күздө келгем. Кытайга эки жолу эле барып келдим. Ал жакка каттоо кыйын болду.

Кыргызстанга алгач келгенде аябай сүйүнгөм. Бирок бир аз көнө албай жүрдүм. Антсе да өзүмдүн чөйрөмдү таап, тез аралашып кеттим. Айтыштарга катышып, акындар менен тааныштым. Устаттар менен таанышып, алардан сабак алуудамын. Өзүм негизи акындык боюнча таалим алам деп келгем. Тилегениме жеттим деп айтсам болот», - деди ал.

Каарманыбыз келечектеги максаттарын сыр бойдон калсын деп айткан жок.

«Учурда жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатам. Келечекке чоң максаттарым бар. Ал сыр бойдон калсын. Бош убактымда комуз чертем, айтыш көрөм, кыялданам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×