Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуПанфилов району 21.11.2019 13:16 На русском

Чиновникти тергөөчүлөргө сүйрөгөн «Нива». Видео

Turmush -  Панфилов райондук прокуратурага Орток айыл өкмөтүнүн башчысынын үстүнөн арыз түштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдирди.

Арызда айыл өкмөт башчысы кызматтык унаанын күйүүчү майына, тетиктерине жана башкасына деп жергиликтүү бюджеттин эсебинен 91 454 сом алгандыгы жана айдоочу катары жумушка кирип, бирок иштебеген жакын тууганына айлык акы төлөнгөндүгү жазылган. Прокуратурада бул боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп, айыл өкмөт башчысы 91 454 сомдун ордун кайра толтуруп берген.

Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Мелис Райымкулов: «Бул боюнча менин да кабарым бар. «Нива» унаасына жана айдоочуга мыйзамсыз акча которулгандыгы тууралуу арыз келген. Азыр тергөө иши жүрүп жатат. Ал эми прокуратурадан азырынча түшүндүрмө келе элек.

Тергөө иши бүткөнчө айыл өкмөт башчысын кызматтан алуу боюнча маселени карайбыз», - деди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп, материалдар УКМК менен ИИМге өткөрүлүп берилген.

«Унаага деп алынган 91 454 сомду кайра төгүп берди. Калган ишти УКМК жана ИИМдин кызматкерлери жүргүзөт», - деп айтылат маалыматта.

Аймактык кабарчы айыл өкмөт башчысы менен байланыша алган эмес. Turmush басылмасы бардык тараптын пикирине орун берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×