Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуМосква району 20.11.2019 15:23

Москва районунда Айыл чарба кызматкерлеринин күнү белгиленди

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда Айыл чарба кызматкерлеринин күнү белгиленди. Ага айыл өкмөттөрдүн, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, фермерлер, жеке ишкерлер катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Жыл сайын райондо айыл чарба, тамак-аш жана өнөр жай кызматкерлеринин майрамы белгиленип келет.

«Райондо Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик күнүн белгиледик. Анда айыл чарба азыктарынын көргөзмөсү да уюштурулду. Салтанатта райондун акими Ө.Ногоев кызматкерлерди кесиптик күнү менен куттуктады. Көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча 1-орун Петровка, 2-орун Беловодск айыл өкмөттөрү, 3-орун «Уражай» ЖЧКсына ыйгарылды. Алар райондук администрациянын ардак грамоталары, ыраазычылык каттары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты», - деди райондун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Асылбек Нурбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×