Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуЧүй району 21.11.2019 23:50

«Жубайлар»: 50 жылдан бери бирге жашап келе жаткан Асан ата менен Жылдыз апанын махабаты тоодон башталган

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Прогресс айылынын тургундары Асанбек Исмаилов менен Жылдыз Исмаилова мындан 50 жыл мурун баш кошушкан. Алардын 2 кыз, 3 уул, 11 небере жана 9 чөбөрөсү бар. Алар менен аймактык кабарчы таанышты.

«Менин атам Чүйдүн Көк-Жар, Көк-Сай деген жайлоолорунда мал бакчу. Дал ошол мезгилде абышкамдын агасы да аталган жайлоолордо мал багып, коӊшу турушчу экен. Жайында каникул маалында атама жардам бергени барып, кошунанын үйүндөгү Асанбек деген мырза менен таанышып калдым. Экөөбүз бири-бирибизди жактырып, баш кошконбуз. Бактылуу үй-бүлөнү түптөп, 2 кыз, 3 уулга татыктуу тарбия бердик.

Биз баш кошкон убакта азыркыдай тойлор жок болчу. Аш көп болсо, каада көп болуп, азыр укмуштуунун баары чыкты. Биздин убакта бир кой союп, айыл элин чакырып той өткөрүп койчубуз. Анда биз элдин батасын алыш үчүн той өткөрчүбүз», - деди Жылдыз апа.

Ал неберелери менен болгон кызыктуу окуясын айтып, адам карыган сайын унутчаак, шашма болуп каларын белгиледи.

«Жаш кездеги кызыктуу окуялар эсимде жок. Карыган кездеги окуялардан айтып берейин. Карыганда адам унутчаак, аябай сакчыл, шашма болуп калат экен. Неберелериме байланыштуу бир окуя эсиме түштү. Аны эстеген сайын күлөбүз. Эки неберем мектепте окуйт. Бири онунчу класс болсо, экинчиси мектепке чейинки даярдоо классында билим алат. Алар күнүгө таңкы саат 6:30да туруп, жуунуп, тамак ичип, кийинип алып сабакка жөнөшөт. Аларды биз ойготуп коебуз. Бир күнү саатты чала көрүп алыптырмын. Саат 6:30 болуп кеткен экен деп экөөнү шаштырып тургуздум. "Болгула эле болгула, кечиктиӊер" деп уйкулары жакшы ачыла элек неберелеримди жуунтуп, кийинтип, мектепке узаттым. Бир маалда алар телефон чалып, "мектепте эч ким жок, азыр саат 6:30 болду" деп күлүштү. Көрсө мен саат 5:30да эле экөөнү ойготкон экенмин. "Жолго чыксак коомдук унаа да жок. Бүгүн кеч келет го деп такси менен кеткенбиз" деп айтса, ого бетер күлдүк», - деди ал.

Асан ата Прогресс колхозунда өмүр бою эмгектенсе, Жылдыз апа айыл өкмөттө эмгектенген.

«Асан болсо өмүр бою Прогресс колхозунда тракторист, чабан болуп иштеди. Мен болсо Он бир-Жылга айыл өкмөтүндө катчы, паспорт столдо, китепканада эмгектенип жүрүп ардактуу эс алууга чыктым. Өзүм Токмок шаарындагы маданий агартуу окуу жайынан билим алгам. Жаш кезде жакшы ырдап, ыр-кеселерге катышып жүрдүм. Азыр уул-келиндердин, кыздарыбыздын чайын ичип, бактылуу карылыктын төрүндө отурабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×