Кайыңдыда ички көчөлөргө асфальт төшөлдү
Turmush - Чүй облусунун Кайыңды шаарында 3 чакырым ички жолго асфальт төшөлүп, 43 көчөгө 540 түнкү чырактар коюлду.
Кайыңды 2012-жылы шаар макамын алган. Учурда көп улуттуу 11,5 миңден ашуун адам жашайт. Шаардын карамагында 63 көчө бар. Өткөн жылдары 13 көчөгө асфальт төшөлгөн. Ал эми үстүбүздөгү жылы 7 көчө асфальтталган.
«Шаарыбыздын инфратүзүмүн жакшыртуу максатында — 2019-жылы 7 ички көчөгө асфальт төшөлдү. Ал 3 чакырым аралыкты түзөт. Тактап айтканда, Луговая, Южный, Гагарин, Шопоков, Москва, Куйбышев жана Юбилейный көчөлөрү. Ага жергиликтүү бюджеттен 9 миллион 300 миң сом бөлүндү. Ал эми калктын жашоо шарттарын жакшыртуу, коопсуздугун камсыздоо аракеттери да жүргүзүлүүдө. Мындай алкакта 43 көчөгө 540 түнкү жол чырактар орнотулду. Ага жергиликтүү бюджеттен 7 миллион 343 миң сом бөлүндү. Учурда айыл ичиндеги жолдорду асфальттоо, жол чырактарын коюу жумуштары улантылууда. Бул багыттагы иштердин 90 пайызы аткарылды десек жаңылышпайбыз. Ушул жылдын аягына чейин планыбыз толук аткарылат», - деди вице-мэр Эрнур Жумабаев.