Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ош облусу, Ош 20.11.2019 12:19 На русском

Оштун тургуну отун аралагыч менен мойнун кесип алып мерт кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында бак бутап жаткан 62 жаштагы тургун каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Окуя 18-ноябрь күнү болгон. 62 жаштагы У.Я. өз үйүндө бак бутап жатканда кокусунан буту тайып кеткен. Анын кесепетинен иштеп жаткан колундагы отун аралагыч жабдык (бензопила) денесине тийип, жерге кулап түшкөн. У.Я. окуя болгон жерден каза болгон. Анын туугандары денесин соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышып, эч кимге доосу жок экенин билдиришкен.

Маалыматты Ош ШИИБден тастыкташты. Башкармалыктан маркум отун аралап жатканда отун аралагыч жабдык менен мойнун кесип алганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×