Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуКемин району 20.11.2019 12:00

Кеминдин Самансур айылындагы кароосуз калган маданият үйү. Видео

Turmush -  Кемин районундагы Чым-Коргон айыл аймагынын Самансур айылындагы маданият үйү мышык ыйларлык абалда. Бул тууралуу Кемин районунун тургундары билдирди.

«Элет көйгөйү» коомдук бирикмесинин Кемин районундагы теӊ төрагасы Алтынбек Кабаевдин айтымында, айылда ФАП жок болгондуктан, аталган маданият үйүнүн бир бөлмөсү ФАПка берилген.

«Маданият үйүнүн маданий иш-чаралар өтө турчу залы мышык ыйларлык абалда. Столдор талкаланып, кароосуз калган. Бул имаратты оӊдоп-түзөөдөн өткөрүп, маданий иш-чаралар өтүп турса деген тилегим бар», - деди ал.

Ал эми Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Эмил Макеев айылдык маданият үйүндө эч ким иштебей жатканын айтат.

«Өзүӊөр билгендей айлык акы аз. Бул маселе боюнча айыл элинин кабары бар. Эгер бирөө иштеп турса ичин тазалап, шыпырып карап турат эле. Болбосо ал имарат жарактуу эле абалда болчу. Эгер иштейм деген бирөө болсо, аны бир сыйра жаӊыртып, тазалап койсо эле мурдагы калыбына келет. Учурда ушул маселе боюнча аракет жасап жүргөн активисттердин бирин маданият үйүнө жумушка алганы жатабыз. Ал айыл башчы менен биргеликте маданият үйүн тазалап, карап турабыз деди.

Анын ичинен ФАПка убактылуу бөлмө берилген. Биз азыр ФАП куруу боюнча иштерди аткарып жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×