Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 20.11.2019 10:34

Айыл турмушу: Өтүкчү Ш.Саутов бут кийимди сапаттуу жасоонун сырын айтып берди

Turmush -  Мындан 15 жыл мурун Кара-Балта шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде сыртында «Өтүкчү» деп жазылган кичинекей павильон пайда болгон. Убакыттын өтүшү менен элдер андагы тейлөөчүнү «бут кийим жасоонун чебери» деп атап башташкан. Ал мындай даңкка өзүнүн иши менен жеткен.

Шавкет Саутов бул өнөрдү 1989-жылдан тартып өздөштүрө баштаган. Бирок бул кесип менен иштөөнү Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан баштап ойлонгон.

- Бул ишти кантип баштадыңыз?

- Өзүмдү жана жакындарымды ак эмгек жана бирөөгө көз каранды болбой багуу үчүн бир иш жаратууну кыялдандым. Бут кийимди оңдоону үйрөнүү үчүн бут кийим чыгарган ишканага бардым. Жумушту сапаттуу аткаруу үчүн бут кийимди конструкциялоо боюнча билим керек. Бул ишти өздөштүргөндөн кийин өз алдымча иштеп баштадым. Ошол учурда жапайы рынок жана жумушсуздук күч алган болчу. Патент жана будканы ижарага алып, иштеп баштадым. Убакыттын өтүшү менен бут кийим оңдоо иши кесибиме айланып, жашоомдун бир бөлүгү болуп калды.

- Эмне үчүн павильондун сыртында «Өтүкчү» деп жазылган? Негизи «Бут кийим оңдоочу жай» деп жазылышы керек эле.

- «Өтүкчү» — бул «Бут кийим оңдоочу жай» дегенге караганда кенен түшүнүктү берет. Жумушту сапаттуу аткаруу үчүн жогоруда айткандай эле бут кийимди конструкциялоо боюнча билим керек. Бут кийимди даярдоо ишин атайын окуу жайлардан же бут кийим чыгаруучу жайлардан гана үйрөнсө болот. Мен мындан өткөм. Мындан улам өзүмдү өтүкчү деп атайм.

Бизде «бычакты кайракка кайрай албаса, ал эч качан өтүкчү боло албайт» деген сөз бар. Чыныгы тажрыйбалуу өтүкчүдө саюучу-кесүүчү каражаттар бештен кем болбошу керек. Алар бирдей формада, бирок узуну жана туурасы ар кандай болот.

- Кайсы бут кийимди оңдоо оор?

- Айымдардын шиштакалары, ушул бут кийимге окшош туфлилер, кичинекей өлчөмдөгү бут кийимдерди оңдоо оор. Ошондуктан күн сайын бут кийимди оңдоонун жаңы жолдорун издеп турам. Учурда бут кийимдин сапаттуу клейлерин колдонубуз. Азыр андай клейлерди жана бардык керектүү жабдыктарды алууга мүмкүнчүлүктөр бар.

Мен көбүнчө оңдолгон бут кийимди кардардын колуна берип, анын жүзүндөгү жылмаюуну көргөндү жактырам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×