Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуЧүй району 19.11.2019 17:25

Кош-Коргондо акчасын ала албаган усталар мектептин курулуш материалдарын алып кетиштиби?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кош-Коргон айылында жаӊы курулуп жаткан мектептин курулуш материалдарын уурдап кетишти. Бул тууралуу айыл тургундары билдиришти.

Ал эми айыл өкмөттүн кызматкерлеринин айтымында, шектүүлөр аталган мектептин курулушунда мурда иштеп кеткен усталар болгон.

«Бул мектеп республикалык бюджеттен каржыланып курулууда. Аны куруп жаткан курулуш компания тендерди 49 млн сомго утуп алышкан. Ал эми мектептин курулуш материалдарын уурдаган балдар ошол мектептин курулуш ишинде мурда иштеп кетишиптир. Бирок эмгек акысын албай калышыптыр. Алар компаниянын жетекчилигине телефон чалып, "биз курулуш материалдарын алып кеттик. Акчаны бергенде беребиз" дешиптир. Бул боюнча милицияга арыз жазылдыбы, жазылган жокпу билбейбиз. Негизи аз эле курулуш материалдарын алышыптыр», - деп билдиришти аталган түзүмдүн кызматкерлери.

Аталган мектеп 350 орундуу болуп курулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×