Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуЧүй району 19.11.2019 11:00

Чүйдө декабрь айында аба ырайы кандай болот?

Turmush -  Кыргызгидромет Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылдын декабрь айында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн аномалиясынын болжолдуу маалыматын берди.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -1...-3 градус суук, тоо этектериндеги райондордо жана Кемин өрөөнүндө -4…-6 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан -6…-11 градус суукка чейин, күндүз 0…5 градус жылуулуктан 8…13 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8 градус сууктан -9…-14 градус суукка чейин, күндүз -2 градус суук...+3 градус жылуулуктан 4…9 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 32-34 мм, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 17-27 мм).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×