Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуКемин району 18.11.2019 12:56

Айыл турмушу: Бийчи М.Басаринин окуучулары Казакстандагы сынакка даярданып жатат

Turmush -  Басари Марина Алиевна Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаарында төрөлгөн. Ал 2010-жылдан бери окуучуларга бийлегенди үйрөтүп, ар кандай кароо-сынактарга катышып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бийлегенди кичинекей кезимден эле жакшы көрчүмүн. Ошондо эле ар кандай бий ийримдерине катышып, жакшы бийлечүмүн. Бирок бий менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калат деп ойлогон эмесмин. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, 3 баланын апасымын», - деди ал.

Бийчи айым бий тобун «Ясмин» деп атаган.

«2010-жылы Кемин райондук маданият үйүндө бий ийримин ачтым. Андан соӊ 2014-жылы жолдошумдун колдоосу менен атайын имаратты ижарага алып, хореография ийримин иштете баштадык. Азыр биз ыӊгайлуу шарты бар, жылуу имаратта иштейбиз. 2014-жылы «Ясмин» бий ансамблин түздүк. Жасмин гүлү арабча ясмин деп аталат. Топто кыздар басымдуулук кылат. Баары теӊ гүлгө окшош, сулуу кыздар», - деди ал.

Марина айымдын окуучулары ушул жылы бийден бир топ ийгиликтерге жетишти.

«Өспүрүмдөр менен иштешүү чоӊ ырахат тартуулайт. Биздин окуучулар чынында абдан аракетчил. Алар өз максатына жетүү үчүн айтканынан кайтпайт. Ушундай талыкпаган эмгектин арты менен биз ушул жылы Кыргызстандын чемпионатында байгелүү орун алдык. 2020-жылы Алматы шаарында өтө турчу бий сынагына катышабыз. Азыр ошого даярданып жатабыз. Ушундан пайдаланып, окуучуларымдын ата-энелерине, Кемин районунун, Кемин шаарынын жетекчилерине ыраазычылыгымды билдирем. Алар дайыма колунан келген жардамын берип келишет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×