Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуПанфилов району 18.11.2019 10:04

22 жаштагы балбан кыз Адина Татарстандагы дүйнө биринчилигинде коло байге утту (сүрөт)

Turmush -  Панфилов районунун Чалдыбар айылынын 1997-жылы туулган тургуну Адина Нурматова Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) Казань шаарында өткөн бел боо күрөшү боюнча XVII дүйнө биринчилигинде 3-орунду алды. Спортчу менен аймактык кабарчы маектешти.

Адина 17 жашында спорттун бел боо күрөшү түрүнө кызыгып баштаган.

«Мен Панфилов районундагы №3 орто мектепте билим алгам. Орто мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук университетинин биология факультетине баргам. №20 кесиптик лицейде дээрлик 2 жылдан бери биолог мугалим болуп эмгектенем. Спортко 17 жашымда кызыгып, 2-курста окуп жүргөндө толук түрдө аралашып, машыга баштадым. Менин спортко аралашып калганыма машыктыруучум Азамат Осмонбековдун салымы чоң. Кыргызстандын биринчиликтеринде 2 жолу жеңишке жетиштим. Жакында эле Татарстанга жолдомо алгам.

Үй-бүлөдө 5 бир тууганмын: 2 уул, 3 кыз. Мен экинчисимин. Атам дыйканчылык менен алектенсе, апам үй кожойкеси», - дейт Адина.

Ал Татарстандын Казань шаарындагы мелдеш тууралуу дагы ой бөлүштү.

«Ал жактагы мелдешке 34 өлкөнүн спортчулары катышты. Кыргызстандан 16 спортчу барып, 2 алтын, 4 күмүш утушту. Мен 3-орунга ээ болуп, коло байгеге ээ болдум. Дүйнөлүк мелдешке биринчи жолу бардым. Татарстандын менталитети биздикине салыштырмалуу башкача экен. Бизди жакшы кабыл алышты. Ошондой эле Казань шаары таза, тынч экен. Мелдешке барууда машыктыруучумдун салымы чоң. Ал бизди туура тамактанууга үйрөтүп, ал тургай тамактануунун убактысын да өзү түзүп берет», - деди спортчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×