Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуПанфилов району 15.11.2019 10:09

Панфиловдун Букара айылынын эли малдын кыгы аралашкан суу ичип жатабы?

Turmush -  Панфилов районуна караштуу Орток айыл аймагындагы Букара айылынын тургундары таза суунун ордуна малдын кыгы аралашкан суу ичип жаткандарын айтып, аймактык кабарчыга кайрылышты.

Алардын айтымында, суунун башына тыгылып калган акыр-чикирди тазалап, малдын кыгын алып чыгышкан.

«Биз ушундай суу ичип жатабыз. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Таза суу менен камсыз кылып беришсе жакшы болмок. Эми кыш дагы келе жатат. Кыш келсе, айылдагы жаш балдар суунун башын тазалабай калышат. Анткени жер тоӊуп калат. Ошондо бир айыл эли толугу менен суусуз калат», -деп билдиришти алар.

Тема боюнча: «Ичкен суудан малдын өлүгүн көрөбүз»: Букаранын жашоочулары жергиликтүү бийликке нааразы. Айыл өкмөт эмне дейт?

«100 000 сомго түтүк коюлуп, бирок...» Букарадагы нааразычылык жана айыл өкмөттүн жообу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×