Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуПанфилов району 14.11.2019 13:58 На русском

Панфиловдо 14 млн сомго оңдоодон өткөн стадион пайдаланууга берилди

Turmush -  Бүгүн, 14-ноябрда Панфилов районундагы Кайыңды шаарында 13 млн 940 миң сомго оңдоодон өткөн стадиондун ачылышы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Стадиондун ачылыш салтанатына ЖКнын депутаты Бактыбек Райымкулов, КРнын өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Ашырбаев, райондун акими Мелис Райымкулов, шаардын мэри Эркин Иманкулов жана башка жетекчилер, айыл өкмөтүнүн, соцтүзүмдөрдүн башчылары, окуу-тарбия мекемелеринин кызматкерлери, окуучулар, спортчулар жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Кайыңды шаарында 11600дөн ашуун калк жашайт. 20га жакын улуттан турган калкыбыз стадиондун ачылышына күбө болушту. Анын ачылышы Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылындагы белгилүү окуялардан болду. Мындан 49 жыл мурун түптөлүп, союз таркаганда кароосуз калган стадион бүгүн жаңыланып, калкыбызды кубанычка бөлөп отурат. Стадионду жасоо иштери шаардык мэриянын бюджетинен каржыланды», - деди мэриянын аппарат башчысы Кайрат Назарбеков.

Салтанат футбол мелдеши жана концерттик программа менен коштолууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×