Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 12.11.2019 14:21

Төкмө акын Акжолтой Канат уулунун сөөгү апасынын жанына коюлат

Акжолтой Канат уулу
Акжолтой Канат уулу

Turmush -  Жол кырсыктан каза болгон 26 жаштагы төкмө акын Акжолтой Канат уулу жана анын жубайы эртең, 13-ноябрда Тоң районунун Ак-Сай айылында акыркы сапарга узатылат.

Маалым болгондой, алардын сөөгү апасы, төкмө акын Майра Керим кызынын жанына коюлат.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Акжолтойдун атасынын бир тууган инисинин үйүндө болот.

Буга чейин Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымында жол кырсыгы катталып, 4 адам мерт кеткени маалымдалган. Алардын арасында маркум төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу жана анын келинчеги да болгон. Алар жакында эле баш кошушкан. (Толугу менен бул шилтемеде).


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×