Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 09.11.2019 13:42

Токмоктук ардагерлер стол тенниси боюнча өлкө чемпионатында жеңишке жетишти

Turmush -  Токмок шаарынын стол тенниси боюнча курама командасы ардагерлер арасындагы өлкө чемпионатында алдыңкы орунду ээлешти. Бул тууралуу Токмок шаардык мэриясынан билдиришти.

Чемпионат Бишкек шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген 80ден ашуун спортчу катышкан.

«40-49 жаштагы эркектер арасындагы таймашта токмоктук Закир Ташмухамедов биринчиликти багындырып, алтын медаль тагынды. Мындан тышкары жуптук разрядда да жеңишке жетип, «КРнын ардагерлер чемпиону» наамына татыды.

35-49 жаштагы аялдар арасындагы мелдеште №9 орто мектебинде мугалим болуп эмгектенген Гүлнара Молдоева жеке ишкер Индира Мамытованы 2-орунга калтырып, биринчиликти илип кетти. Ал эми 3-орунду дагы токмоктук жеке ишкер Чолпон Ормушева ээлеп, үч айым тең жеңиш менен кайтышты. 50 жаштан жогорку аялдар арасындагы таймашта ардактуу эс алуудагы Анара Мейназарова 2-орунду камсыз кылды.

Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар, грамота жана медалдар менен сыйланышты», - деп билдиришти мэриядан.

Курама команда чемпионатка Токмок шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн каржылоосу менен катышкан.

1(18)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×