Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 04.11.2019 14:54 На русском

Сүрөт — Сокулуктун тургуну эки кабаттуу үйүн майыптарга белек кылды

Turmush -  Сокулук районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык шаарча курулуп баштады. Бул тууралуу акимдин орун басары Токтобүбү Ракинбаева билдирди.

Анын айтымында, долбоор 2014-жылы башталган. «Жаш майыптар» коомуна маданият үйүнүн имараты бөлүнгөн.

«Анын жер төлөсүндө эмерек чыгарган жана кийим тиккен цех иштеп жатат. Анда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар эмгектенет. Эми айыл өкмөт бөлүп берген жер тилкеге үч кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Курулуш иши май айында аяктайт. Бөлүнгөн жердин жанында эки кабаттуу үй бар экен. Ээси Улан Жусупов өзүнүн 2 кабаттуу үйүн "Жаш майыптар" коомуна белек кылып, ачкычын тапшырып берди.

Анын жанында 5 сотых жер тилке бар экен. Ал орто жашаган үй-бүлөнүкү болгондуктан ээси ал жерди сатам деп жатат. Биз аны сатып алуу үчүн 3-ноябрдан 3-декабрга чейин марафон жарыяладык. Райондук администрациянын кызматкерлери бир күндүк айлыгыбызды которолу деп жатабыз. Ал эми марафонго ишкерлер катышып, жерди сатып алууга каражат чогулса деп үмүт кылып жатабыз. Ал жер социалдык шаарча болот», - деди ал.

Турак жай «Жаш майыптар» коомунун мүчөлөрүнө курулат. Коомдун жетекчиси Эрнис Мыктыбек уулунун айтымында, бул имаратта тигүүчү цех, устакана жана окутуу борбору жайгашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×