Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Чүй облусуКемин району 04.11.2019 14:03

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда түнкү чырактар орнотулду (сүрөт)

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун Кемин районундагы аймагында түнкү чырактар орнотулду.

Райондук администрациянын маалыматына караганда, мындай иштер Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жасалууда.

«Түнкү чырактарды орнотууга 2,5 млн сом жумшалды. Мындан тышкары, жүргүнчүлөргө шарт түзүү жана жолдун жээгинде тазалыкты сактоо максатында таштанды салуучу үкөкчөлөр коюлду.

Ошондой эле Чым-Коргон жана Бообек айылдарына жалпы 10 чакырым жерге 250 даана түнкү чырак орнотулган. Жакында Жаңы-Алыш айылындагы түнкү чырактар жаңыртылат» - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×