Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 04.11.2019 13:11

Самбо боюнча чемпионатта сокулуктук жаш спортчулар алдыңкы орундарды ээледи

Turmush -  Кечээ, 3-ноябрда Бишкек шаарында самбо боюнча өспүрүм балдар жана кыздар арасында өткөн чемпионатта Сокулук районунун Жаӊы-Пахта айылынан барган 8 спортчу теӊ алдыңкы орундарды ээледи. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучу Бобиржан Жээнбаев билдирди.

Анын айтымында, шакирттери ар башка салмак категорияларда күч сынашкан.

«Аталган мелдешке мен 8 окуучумду алып баргам. Баары теӊ алдыңкы орундар менен келишти. Сумая Газыбекова 43 кг салмакта 1-орунду, Нармина Леснова 33 кг салмакта 1-орунду, Айдын Хуршанов 26 кг салмакта 1-орунду, Эрлан Газыбеков 35 кг салмакта 1-орунду, Сулейман Максатбеков 32 кг салмакта 2-орунду, Умалат Касымбеков 32 кг салмакта 3-орунду, Кадыр Касымбеков 29 кг салмакта 3-орунду, Ибрагим Искандаров 35 кг салмакта 3-орунду ээледи», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×