Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 04.11.2019 13:01

«Аялыңдын фамилиясын алдың»: Дүйшөн Жуматаев үйлөнгөндө кайын журту көп тамашага салчу

Дүйшөн Жуматаев
Дүйшөн Жуматаев

Turmush -  Жайыл районунун Орто-Суу айылынын тургуну Дүйшөн Жуматаевди жубайынын туугандары көп ирет тамашага салышкан. Дүйшөн мырза аймактык кабарчы менен болгон маегинде тамашанын жөнү тууралуу айтып берди.

Жайыл районунун Полтавка айыл өкмөтүнүн тургундары — жубайлар Дүйшөн Жуматаев менен Алтынкыз Жуматаева 1969-жылы баш кошушкан.

«Орто-Суу айылында Жуматаев деген фамилияны алып жүргөн биздин гана үй-бүлө бар болчу. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан атамдын ысымы Жуматай. Ал эми Полтавка айылында Жуматаев деген фамилияны алып жүргөн тургундар көп эле. Ошондуктан жубайымдын фамилиясын билгенде такыр таң калган эмесмин. Ал эми анын туугандары башында аялыңдын фамилиясын алдың деп тамашалап жүрүштү. Кыргыздарда жубайынын фамилиясын алуу уят. Бирок мен алардын тамашасына таарынчу эмесмин. Алгач жубайым экөөбүздүн фамилиябыз окшош экенин түшүндүрчүмүн, кээде өзүм дагы алар менен чогуу тамашалашып калчумун», - дейт Дүйшөн Жуматаев.

Жубайлар педагог кесибин алышкан. Дүйшөн мырза унаа мектебинде сабак өтсө, А.Жуматаева айылдагы мектепте орус тили жана орус адабияты сабагынан мугалим болуп иштеген. Алар 3 кыз, 2 уулду тарбиялап өстүрүштү. Кыздары дагы ата-энесинин жолун улап, мугалим болуп эмгектенип жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×