Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 03.11.2019 05:45

Жайыл районунда малга кооптуулук жараткан карышкыр жок кылынды

Turmush -  Жайыл районундагы егерь Кубан Үмөталиев Чоң-Кайыңды аймагынан карышкыр атты.

«Бул аймакта өлгөн малдын сөөгү жаткан. Анын калдыгын жырткычтар келип жеп кетип жатышкандыгын байкап калдым. Андан кийин кезектеги келген карышкырды жок кылдым. Суук боло баштагандан тарта карышкырлар жем издеп тоодон төмөнгө түшө башташты», - деди ал.

Аңчылардын башчысы Сергей Гаршин райондо жыл сайын ондогон карышкыр жок кылынып, жүздөгөн мал аман сакталып жаткандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×