Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 02.11.2019 10:20

Жайыл районунда жыл сайын өтүүчү Талаа күнү белгиленди

Turmush -  Жайыл районунун Алексеевка айылында жыл сайын өтүүчү Талаа күнү белгиленди. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарада талаада дыйканчылык кылгандарга өсүмдүктөрдү өстүрүүдөгү заманбап технологиялар тааныштырылды. Ага катар эле жүгөрү орулуп, анын түшүмү анализ үчүн алынды. Делегаттар жер семирткичтер, жаңы сорттор тууралуу пикир алмашты. Жайыл районунда жүгөрү 1 гектардан орточо 7-8 тонна түшүм берет.

«Салыштыра келгенде буудайдын түшүмү 2 эсе аз. Бул өңүттөн караганда дыйкандарга жүгөрү өстүрүү пайдалуу. Бирок жүгөрүнү сезондо жок дегенде 2 жолу сугарыш керек. Буудай болсо кайрак жерде өсө берет», - деди Жайыл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Бахтияр Токтосунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×