Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 01.11.2019 17:11

Сокулукта маданият кызматкерлерин куттукташты

Turmush -  Кечээ, 31-октябрда Чүй облусунун Сокулук районунда Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата облустук деңгээлде иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Чүй облусундагы маданият бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, Чүй облустук театрдын, Чүй облустук камердик оркестрдин, Чүй облустук «Сары-Өзөн» телерадиокомпаниясынын, Сокулук районунун маданият кызматкерлери чакырылды. Салтанатты Сокулук районунун акиминин орун басары Токтобүбү Ракинбаева ачып, өз каалоо-тилектерин билдирди.

Иш-чара майрамдык концерт менен коштолуп, келген конокторго дасторкон үстүндө сый көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×