Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 01.11.2019 16:59

Токмокто Баткен окуясынын катышуучулары сыйланды

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин урматына митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эскерүү кечесине вице-мэр Сергей Ступников, мэриянын аппарат жетекчиси, Баткен окуясынын ардагери Алмаз Чорчонов, Токмок бириккен шаардык аскер комиссариатынын башчысы, полковник К.Шамыров, Баткен окуясынын Чүй облустук ардагерлер кеңешинин башчысы У.Орозалиев, Баткен окуясынын республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасы К.Бакалов, Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Э.Исмаилова, Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы М.Осмоналиев, «Токмок-Биримдик» коомунун өкүлү Ш.Абдрахманов, Баткен окуясынын Токмок шаардык кеңешинин төрагасы М.Чакаев, Баткен окуясынын ардагерлери жана бириккен шаардык аскер комиссариатынын кызматкерлери катышты.

Эскерүү кечеси бириккен аскер комиссариатында жайгашкан эстеликке гүлчамбар коюу менен башталды. Кандуу окуяда курман болгондордун арбагына багышталып куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүүдөн соң асманга үч ирет ок атылды. Андан соң кече «Амир» кафесинде уланып, жайыл дасторкон үстүндө да куран окулду. Кеченин жүрүшүндө Баткен окуясынын сегиз катышуучусуна бириккен шаардык аскер комиссариатынын атынан грамота тапшырылса, Баткен окуясынын Чүй облустук ардагерлер кеңеши тарабынан алты грамота, Баткен окуясынын Токмок шаардык кеңешинин атынан төрт ыраазычылык каты тапшырылды.

Мындан сырткары кандуу окуядагы жасаган эрдиктери үчүн үч адам орден менен сыйланып, коогалаңдын катышуучуларына жана бул күндү тарыхта калтырууга салым кошкон адамдарга он даана медаль ыйгарылды. Коноктор үчүн Н.Байтемиров атындагы маданият үйүнүн чыгармачыл жамааты тарабынан концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×