Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусуАламүдүн району 31.10.2019 15:10

Ысык-Атада этно көргөзмө уюштурулду

Turmush -  Бүгүн, 31-октябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата уюштурулган бир айлык Ч.Айтматов атындагы Ивановка №1 мектебинде жыйынтыкталып, «Дил бермети — тил» темасында иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага акимдин орун басары Айша Орозобекова, профсоюз комитетинин төрайымы Бактыгүл Тыныбекова жана ардагер мугалимдер катышты.

Мектеп окуучулары кол өнөрчүлүк жана тамак-аш боюнча этно көргөзмө уюштурушту. Андан соӊ концерттик программа тартуулашып, мектептин мугалимдеринен түзүлгөн «Дил кайрык» тобунун тушоосу кесилди. Иш-чара «Орус класстарда кыргыз тилин окутуу көйгөйлөрү» деген темадагы конференция менен улантылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×