Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 30.10.2019 12:57

Чүй районунда 2,6 млн сомго ФАП курулду

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Искра айыл аймагынын Кара-Дөбө айылында жаӊы ФАП курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Искра айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бодбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кара-Дөбө айылында эки бөлмөлүү ФАП болгон.

«Бирок эскилиги жетип, колдонууга мүмкүн болбой калган. Түштүк Кореядан келген демөөрчүлөр менен иштешип, жаӊы ФАПты куруп, ишке бердик. Курулуш иши май айынын этегинде башталып, октябрь айында аяктады. Ичинде бардык заманбап эмеректери бар», - деди ал.

Жаӊы ФАПтын курулушуна жана ичиндеги эмеректерине жалпы 2 млн 600 миӊ сом сарпталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×