Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 29.10.2019 10:34

Сокулукта Баткен окуясынын катышуучулары сыйланды

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда Баткен окуясынын аяктаганынын 20 жылдыгына карата Баткен окуясынын катышуучулары сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү кафелердин биринде сый дасторкон уюштурулуп, райондогу 63 ардагер конокко чакырылган. Иш-чарага катышкан Сокулук райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Улан Садалиев Баткен окуясына катышкандарга куттуктоосун айтып, ардак баракчаларды тапшырды.

Мындан сырткары Крупская айыл аймагында эскерүү иш-чарасы өтүп, Баткен окуясына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, ок атылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×