Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Чүй облусуКемин району 29.10.2019 10:10

Кеминде Абдыкадыр Орозбеков эскерилип жатат

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда Кыргыз ССРинин мамлекеттик ишмери Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

М.Өмүралиев атындагы Кызыл-Суу орто мектебинин базасында «Ажал бизди алып кетсе да, эл эмгектен эскерет» аттуу райондук иш-чара өткөрүлдү. Анын негизги максаты — келечек муундарды эл-жерин сүйүүгө тарбиялоо. Иш-чарага Кемин районундагы мектеп директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары жана тарых мугалимдери катышты.

«11-класстын окуучулары менен тарых мугалими «Акыйкат акыры жеңет» аттуу ачык тарбиялык саат өткөрүштү. Анда окуучулар Абдыкадыр Орозбековдун өмүр жолу жана ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алышты. Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө кошкон салымы баса белгиленип, кызуу талкуу жүргүзүлдү. Ошондой эле окуучулар тарабынан Абдыкадыр Орозбековдун өмүр жолу жана ишмердүүлүгүн даңазалаган көркөм окуу жана сахналаштырылган сценка көрсөтүлдү.

Ушул эле иш-чара Кемин районунун жалпы мектептеринде октябрь айында өткөрүлдү. Анда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына карата класстык-тарбиялык сааттар өткөрүлүп, дубал гезиттер чыгарылып, китепканаларда китеп жана сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду» - деп айтылат маалыматта.

Абдыкадыр Орозбеков Түркстандагы жумушчу кыймылына катышкан. Кыргызстанда совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкөн, жарандык согуш мезгилинде катардагы жоокерден отряд командирине жана саясий жетекчиге чейин көтөрүлгөн.

1920-1923-жылдары айылдын, болуштун, райондун революциячыл комитеттерин башкарган. 1924-1925-жылдары Ош округдук эмгекчилер советинин жер бөлүмүнүн башчысы, катчысы болгон. Тоолуу Кара Кыргыз облусунун жумушчу, дыйкан жана солдат депутаттар советинин уюштуруу съездине делегат болуп, анда Тоолуу Кара Кыргыз облустук АКнын (Аткаруу комитетинин) төрагалыгына шайланган. 1925-жылдын 31-мартында Кара Кыргыз автоном облусунун биринчи уюштуруу курултайында Кара Кыргыз автоном облусунун төрагалыгына депутаттар тарабынан шайланган. 1926-жылы Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланды.

Жусуп Абдрахмановду Кыргыз АССР Эл комиссарлар кеңешинин төрагалыгына дайындоо жөнүндөгү токтомго кол койгон. Кыргыз АССР Конституциясын иштеп чыгууга чоң салым кошкон. Касым Тыныстановду Эл агартуу министри кылып дайындаса, Төрөкул Айтматовду Жалал-Абадга аким кылып дайындаган. 1936-жылы Кыргыз ССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.

Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылдан 1937-жылдын октябрь айына чейин Кыргызстандын мамлекет башчысы болуп иштеген. Сталинизм доорунда жалган айып менен камалып, атууга өкүм кылынган. 1938-жылы май айында атылган. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлуп, 1956-жылы 21-майда акталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×