Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 29.10.2019 09:31

Суусамырда 2 унаа кагышып, айдоочулар жеңил жаракат алды

// фото из архива МЧС

Turmush -  Суусамыр өрөөнүндө «Лада» жана «Хонда Степвэгон» үлгүсүндөгү унаалар кагышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек–Ош унаа жолунун 140-чакырымында болгон. Анын кесепетинен 2 унаанын айдоочулары (эркек кишилер) жеңил жаракат алышкан. Жерине 5 куткаруучу барып, жабыркаган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүштү. Жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×