Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 29.10.2019 09:25

Сокулуктун Жангарач айылында жаӊы мечит курулду

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл аймагынын Жангарач айылында жаӊы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу айыл тургундары билдирди.

«Мечиттин курулушу жай мезгилинде башталып, ушул октябрь айында аяктады. Айылыбыздагы Т.Абдылдабеков деген тургун араб өлкөлөрүнөн демөөрчүлөрдү таап келип, жаӊы мечитибизди курдуртуп берди. Биздин айылда ушуну менен эки мечит болду», - деп билдиришти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×