Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 28.10.2019 11:10

Айыл турмушу: Мугалим Н.Жунушалиеванын боорду эзген тайпалашы

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу №4 Ивановка башталгыч мектебинин мугалими Наргиза Жунушалиева 9 жылдан бери аталган мектепте эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«3-классымда мугалим болууну чечкем. Мектепте дал ушул куракта «чоӊойгондо ким болосуӊ?» деген суроолор бериле баштайт эмеспи. Ошол суроого дароо «мугалим болом» деп жооп берчүмүн.

Мектепте алдыңкы окуучулардын бири болуп, райондук, облустук олимпиадаларда жакшы ийгиликтерге жетишкем. Ошондон улам чоӊ атам «кызым жакшы окуйт, чоӊойгондо мугалим болот» деп айта берчү. Мен дагы мугалим болом деп жүрүп, максатыма жеттим. Адам алдыга максат койсо чынында жетет экен. Бирок мен башталгыч класстын мугалими эмес, кыргыз тили, кыргыз адабияты жана тарых сабагын окутсам деген кыялым бар болчу. Тарых факультетине барсам, орун калбай калган экен. Ошентип Ысык-Көл облусундагы Касым Тыныстанов атындагы университеттин филология факультетин 1996-жылы аяктап чыктым. Ал кезде биздин окуу 4 жылдык болчу.

Ал эми эмгек жолум Ысык-Ата районундагы Ивановка №2 орто мектебиндеги башталгыч класстардын окуучуларына сабак берүү менен башталды. Ал жерде бир жылдан ашуун убакыт иштедим. Андан соӊ, Ивановка №4 башталгыч мектепке которулуп келип, 9 жылдан бери үзүрлүү иштеп келем. Кесибимди жакшы көрөм жана сыймыктанам», - деди ал.

Мугалим кичинекей жеткинчектерди 4 жыл бою окутуп, андан кийин жогорку класска узатып жатканда кадимкидей көзгө жаш аларын кошумчалады.

«Жогорку окуу жайда окуп жүргөндө башталгыч класстын окуучулары менен иштешүү оор сезилчү. Тескерисинче, жаш жеткинчиктер менен иштеген аябай кызыктуу экен. Өзүӊ дагы жаш баладай болуп алар күлсө кошо күлүп, алардын таза жан дүйнөсүнө аралашып калат экенсиӊ. Булар азыр таза барак, ийилчек, кандай тарбия берсеӊ ошондой болушат. 4 жыл бою окутуп жүрүп, жакын болуп каласыӊ. Өз балаӊдай көрүнөт. Андан кийин 4-классты аяктап, аларды узатып жатканда ыйлаган учурлар болот», - деди ал.

Ардактуу мугалим студент кезиндеги кызыктуу окуясынан айтып берди.

«Жумуш үстүндө көп эле кызыктуу окуялар болот. Окуучуларым үйүндөгү ар кандай жоруктарын айтып берип боорду эзген учурлар кездешет. Бирок азыр студент кезимдеги окуялардан айтып берейин.

Эсимде, студент кезимде университетте "Ыр-кесе" сынагы болуп калды. Биз кыздар бийге чыгалы деп жатсак программа өзгөрүп, комуз чертилет деп калышты. Биз болсо көйнөктүн ичинен кийген «подъюбникти» алмак-салмак кийип чыгып жатканбыз. Тайпалаш кызыбыздын «подъюбнигин» комуз черткен кыз кийип кеткен. Күү бүтөрү менен бизди залга дароо чыккыла деп калышты. Баарыбыз шашып бийге чыгып кеттик. Анан эле бийлеп келген соң жанагы тайпалашым «мен көйнөктүн ичинен эч нерсе кийбей, ошол бойдон бийлеген турбаймынбы» деп эле кызарып жаман болду. Өзү да толук кыз эле. Биз болсок көпкө күлүп жүрдүк. Калыстар тобунун арасында акимчиликтен келген агайлар да бар эле», - деди ал.

Наргиза Жунушалиева 1987-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызарт айылында төрөлгөн.

«Үй-бүлөлүүмүн. Жолдошум экөөбүздүн 4 кыз, 1 уулубуз бар. Үйдө үлгүлүү кожойке, мектепте дагы үлгүлүү мугалим болууга аракет кылам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×