Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 28.10.2019 10:04 На русском

Дүйнө чемпионатында коло медаль уткан Нуржанат Бекматова сыйланды

Turmush -  Грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында коло тагынган кыргызстандык Нуржанат Бекматова Токмок шаардык мэриясы тарабынан сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев Нуржанат Бекматованы кабыл алып, анын алкагында спортчуга баалуу белектер тапшырылган.

Токмок шаарынын тургуну Нуржанат Бекматова ушул жылдын 22-23-сентябрь күндөрү Нурсултан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө биринчилигине катышып, 53 кг салмакка чейинки категорияда коло медаль уткан. Мелдеште 18 мамлекеттин спортчулары күч сынашып, Нуржанат Индия, Украина жана Казакстан мамлекетинин спортчулары менен беттешкен.

Нуржанат 13 жашында Токмок шаарындагы спорт мектебине кабыл алынып, алгач эркин күрөш менен машыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×