Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 27.10.2019 14:28

Кара-Балта шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Р.Смыковский көз жумду

Смыковский Радий Николаевич
Смыковский Радий Николаевич

Turmush -  Кара-Балта шаардык Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлер кеңешинин төрагасы Смыковский Радий Николаевич көз жумду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Р.Смыковский 91 жашта болчу. Ал улгайган жашына карабай Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана тылда эмгектенгендердин, пенсионерлердин социалдык укуктарын коргоп келген. Ардагерлер кеңешинин төрагасы катары Кара-Балта шаарындагы кары-картаңдардын көйгөйлөрүн чечип берүүгө жардам берген.

Р.Смыковский 2 жогорку билимге ээ. Ал 1928-жылы 16-апрелде туулган.

- 1954-1960-жылдары Фрунзедеги политехникалык институтта инженер-энергетик адистиги боюнча билим алган;

- 1960-1963-жылдары Минск шаарындагы электрондук-эсептөөчү машина заводунда билимин тереңдетип, электрондук-эсептөөчү машиналарды оңдоп-түзөө боюнча инженер кесибине ээ болгон;

- 1989-1992-жылдары Бүткүл союздук химиялык технологиялар институтунда аспирантураны сырттан окуган.

Эмгек жолу:

- 1944-1945-жылдары «Кызыл металлист» заводу;

- 1948-1949-жылдары Кыргыз геология башкармалыгы;

- 1954-1960-жылдары Сокулук айылында башкы энергетик;

- 1960-1963-жылдары Улуттук илимдер академиясында иштеген;

- 1963-1995-жылдары Кара-Балта шаарында башкы энергетик;

- 2014-жылдан бери Кара-Балта шаарындагы согуштун жана эмгектин ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп эмгектенип жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×