Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 26.10.2019 16:08 На русском

«Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасынын 45 млн сом карызы барбы?

Turmush -  Токмок шаардык мэриясынын мурдагы кызматкери жалган маалымат таратып жатат. Бул тууралуу Токмок шаарынын коллегиялык жыйынында айтылды.

Кечээ, 24-октябрда өткөн жыйында «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасынын «Газпром Кыргызстан» компаниясына 45 млн сомдук карызы тууралуу маалымат жөнүндө сөз козголду. Токмок шаарынын ишкерлер биримдигинин төрагасы Батырбек Сыдыгалиев аталган карыз чын болсо, анда анын кесепетинен быйыл оорукана, мектеп, милициянын имараттары жылуулуксуз каларын белгиледи. Ага жооп берген шаар мэри Данияр Амангелдиев «Токмок жылуулук» ишканасы «Газпром» компаниясына акча карыз эмес экенин, социалдык объектилер кышка толугу менен даяр экенин билдирди.

«2019-жылдын 17-октябрындагы абал боюнча Токмок шаардык мэриясынын "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасынын алдында карызы жок», - деп кошумчалады мэр.

Мындан сырткары коллегиялык жыйында аталган маалыматты мэрияда иштеп кеткен адам интернет аркылуу жайылтып жатканы айтылды. Ошондой эле төрт маселе боюнча: Токмок шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 9 айдын жыйынтыгы, 2019-2020-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине даярдык, «2019-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланган жарлыкты ишке ашыруу жөнүндө жана мэриянын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2019-жылдын 9 айдагы ишинин жыйынтыгы жөнүндө докладдар окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×