Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 26.10.2019 11:09

Ага-ини каза болгондон кийин Кегетидеги мектепте заманбап даараткана курулду. Сүрөт

Turmush -  Чүй районуна караштуу Кегети айылындагы Өмүралы Исаев атындагы орто мектептин ичине заманбап даараткана курулду. Анын курулушуна демөөрчүлөр 300 миң сомдон ашуун каражат чогултушкан. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Даараткана кечээ, 25-октябрь күнү пайдаланууга берилди. Аны Кегети айылынын тургундары, мугалимдер жана окуучулар көрүп чыгышты.

«Кыргызда "улуу сөздө уят жок" деген кеп бар. Биздин өлкөдөгү чоӊ көйгөйлөрдүн бири ушул даараткана маданияты. Мектептерге заманбап дааратканалар сөзсүз курулуш керек. Себеби сырттагы даараткана эч кандай санитардык талаптарга жооп бербейт жана кышында кыздардын ден соолугуна зыян тийгизет. Жакында эле бир үй-бүлөдө кейиштүү окуя болду. Бир тууган ага-ини эч бир талаптарга жооп бербеген сырттагы дааратканага түшүп кетип, көз жумушту. Ошондуктан биз башканы коюп, алгач үйүбүздөгү дааратканы заманбап, коопсуз, жылуу, таза кылып курсак деген тилегим бар», - деди иш-чарага катышкан экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров.

Даараткана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн дагы ылайыкташкан.

------------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында бир тууган 2 жаш бала кошунасынын дааратканасына түшүп кетип каза болушканын жазган.

«Жаман окуя болду. 1-класстын окуучусу ойноп жүрүп кошунасынын 8 метр тереӊдиктеги дааратканасына түшүп кеткен. Аны куткарууга барган 7-класстагы агасы да дааратканага түшүп кетти. Ошол маалда үйдө чоӊ киши жок экен. Башкалар чыгара алышпай, Сокулук райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучуларын чакыртышты. Куткаруучулар алгач улуусун чыгарышты. Тилекке каршы ал каза болуп калыптыр. 1-класстагы инисин көпкө издешти. Ага-ининин үй-бүлөсү жакшы турушат. Үй-бүлө өздөрү салган 2 кабат үйдө жашашчу.

Кошунасы шалаакылык кылып, дааратканасын толук жасап койбоптур. Ошончо тереӊ даараткананын айланасын тосуп коюшу керек болчу», - дешкен айыл тургундары.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×