Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 25.10.2019 16:36

Автобекеттеги бир нече дүкөндүн тонолушун милиция текшерип жатат

Turmush -  Токмок шаарындагы автобекеттин ичиндеги бир нече дүкөндүн тонолушу боюнча милиция тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, уурулук фактысы боюнча Токмок ШИИБге 24-октябрда билдирүү түшкөн. Аталган факт боюнча окуя болгон жерге тергөө-оперативдүү тобу барып, белгисиз адамдар 24-октябрга караган түнү автобекеттин айланасында жайгашкан дүкөндөргө кирип, спирт ичимдиктерин, тамеки жана белгисиз суммадагы тыйындарды уурдап кетишкенин аныкташкан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси менен (Уурдоо) каттоого алынган. Учурда тергөө кызматы тарабынан кылмыштын бетин ачуу максатында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Токмок ШИИБдин кызматкерлери тарабынан уурдоого шектүү делген жарандардын өздүгүн аныктоо жана аларды кармоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин Токмок шаарындагы автобекеттин ичиндеги бир нече дүкөндөр тонолгондугу маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×