Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусуМосква району 25.10.2019 13:03

Москва районундагы ата-энелер мектепке 220 000 сомдук даараткана куруп беришти

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылынын тургундары 220 000 сомго Тилекмат атындагы орто мектептин ичине даараткана куруп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ата-энелер билдирди.

Кош кабаттуу билим уясында 220 окуучуга 18 мугалим билим беришет. Анын материалдык-техникалык базасы жыл сайын чыңдалып барат. Окутуунун жаңы технологиялары менен да камсыз болушкан. Бирок айрым көйгөйлөр да чечилбей келген. Тактап айтканда, окуучулардын күн суук учурларда дааратканага баруусу көйгөй жараткан. Жакында ата-энелер өз каражатынан 220 000 сом топтоп, мектептин ичине даараткана курушту.

«Мектебибиз райондун борборунан 20 чакырымдай алыстагы Чоң-Арык айылында жайгашкан. Даараткана мектептин сыртында болгондуктан балдарыбыз жаан-чачын учурларда, өзгөчө кыш мезгилинде ага барууда кыйынчылыктарга кабылышкан. Ата-энелер өз алдыбызча жыйын өткөрүп, ал маселени күн тартибине койдук. Максатыбыз — мектепке ички даараткана куруу эле. Албетте, дароо эле баары колдоду деген ойдон алыспыз. Оор шартта жашаган тургундар да бар эмеспи. Негизи түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлдү. Ар бир үйгө кирип, жашоо шарты менен тааныштык. Бул аракеттерге демөөрчүлөр, жергиликтүү депутаттар, мугалимдер да тартылды.

Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот дегендей, элден 220 000 сом акча топтолду. Мектеп жетекчилиги менен макулдашып, ишти баштадык. Албетте, акча болсо эле баары бүтө бербейт экен. Уюштуруу, куруу иштериндеги материалдарды ташуу, орнотуу, оңдоо-түздөө иштеринин баарын өз мойнубузга алдык. Аракет текке кеткен жок. Эми мектептин 1-кабатынын ичине башталгыч класстар үчүн курулган 2 бөлмөлүү даараткана пайдаланууга берилди. Буюрса, кийинки окуу жылында 2-кабатка жогорку класстар үчүн да дал ушундай даараткана куруп берүүнү пландап жатабыз. Биз чоң-арыктык тургундарга ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет», - дешти ата-энелер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×